Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Вице-премьер Боронов Солтон-Сарыга жөнөп кетти


Солтон-Сарыда топтолгон эл.
Солтон-Сарыда топтолгон эл.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарындын Солтон-Сары кенине баратат. Бул тууралуу маалымат өкмөттөн алынды.

5-августта Нарындын Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыккан чатактан жыйырмадай киши жаракат алган. Алардын көпчүлүгү кытайлык компаниянын кызматкерлери.

«Азаттык» радиосунун Нарындагы кабарчысынын айтымында, 5-августта 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына бараткан учурда чатак чыккан. Алгач эки тарап бири бирин таш менен уруп, андан кийин жаалданган жергиликтүү эл кытай компаниясынын кызматкерлерин токмоктоп салган. Айыл тургундарынын арасынан да бир нече кишиге таш тийгени айтылып жатат. Жергиликтүү эл компаниянын айрым жүк ташуучу машинелеринин терезесин сындырып, тоодон ылдый айдап түшкөн.

Учурда милиция кызматкерлери чатакташкандарды тынчтандырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кен чыккан жерден кете элек. Эл да тарабай турат. Окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматы барган. Азырынча Солтон-Сары кениндеги чатак тууралуу расмий органдар маалымат тарата элек.

Жыйналган эл кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылып жатат. 4-августта ал жерде 30дай малчы чогулуп, кытайлык компаниянын өкүлдөрүн бир күн мурда болгон чатак үчүн айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

Чогулгандар менен жолуккан Нарын районунун акиминин орун басары Жаныш Ибраимакунов окуяга укуктук баа берилерин айткан.

Ал эми Солтон-Сарыда кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясынын жергиликтүү эл менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Малик Камилов териштирүүнүн жыйынтыгы менен компания жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.

3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG