Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

УКМК Солтон-Сарыдагы чыр тартылган видеолорду жайылтпоого чакырды


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) массалык маалымат каражаттарында, интернет-сайттарда жана социалдык тармактарда «Солтон-Сары» алтын кенинде болгон окуяга байланыштуу жарыяланган видеотасмалар боюнча билдирүү таратты.

Анда видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, инвесторлор менен «Jhong ji Mining» компаниясынын кызматкерлерине карата жергиликтүү калктын мамилеси улут аралык тирешүүгө себеп болушу мүмкүн экени эскертилген.

«Мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, каршылык акцияларына жана массалык башаламандыкка алып келүүчү жагдайларды жаратат. Буга байланыштуу, УКМК жогорудагы коомдогу чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү мааламаттырды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдонорун билдирет», деп айтылат билдирүүдө.

Социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар менен кытайлык ишкананын кызматкерлери бири-бирине таш ыргытып жатканы тартылган видеотасмалар тарап жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги 5-августта кенде чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылганын билдирди. Алардын 19у ооруканага жаткырылды. Ошондой эле окуядан жаракат алган дагы бир айыл тургуну ооруканада жатат.

5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Учурда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү Солтон-Сарыда жүрүшөт. Милиция окуяны териштирип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG