Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Түндүк Корея эки ракетасын учурду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-августта Түндүк Корея эки ракетасын учуруп, Кошмо Штаттар менен Түштүк Кореянын бир күн мурда башталган биргелешкен аскердик машыгууларын сындады.

Түштүк кореялык «Yonhap» маалымат агенттигинин кабарлаганына караганда, Түндүк Корея Хванхэ-Намдо провинциясынан чыгышты көздөй деңизге эки ракетасын учурган.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин атын атабаган өкүлү АКШ менен Түндүк Кореянын биргелешкен машыгууларын улантуусу Пхеньянга «улуттук коргонууга зарыл болгон куралдарды иштеп чыгууга, сыноого жана колдонууга» түртүп жатат.

Бул Пхеньяндын АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 30-июнда жолугуп, Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүнү жандандырууну макулдашкандан берки төртүнчү ракета сыноосу.

XS
SM
MD
LG