Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Баткенде жаңы окуу жылына үч жаңы мектеп пайдаланууга берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жаңы окуу жылына карата Баткен облусунда үч жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилгени турат. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Азатыкка» иштер дээрлик аяктап калганын билдирди.

Пайдаланууга берилчү мектептер - Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сай айылындагы «Акматов», Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы «Максим Горький», Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы «Халмион» орто мектептери.

Ошондой эле учурда алты мектеп капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүүдө. Алардын бири Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектеп. (JsA)

XS
SM
MD
LG