Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөөчү борбордун (OCCRP) 5-августта тараткан маалыматына караганда, Казакстандагы «Астана LRT» компаниясынын мурдагы директору Талгат Арданга Интерпол издөө жарыялады. Талгат Ардан 2017-жылы кызматтан бошотулганга чейин үч жыл баш калаага салынып жаткан Казакстандагы биринчи жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT) куруу долбоорун жетектеген.
Ал кызматтан кеткенден кийин бир жылдан соң прокуратура тез жүрүүчү бул трамвай долбоору боюнча кылмыш ишин козгоп, быйыл сот аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Өткөн жумада Интерпол анын ысымын изделип жаткан адамдардын тизмесине кошкон.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев жана азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев баш калаадагы 1,8 миллиард доллар турган бул долбоордун баасын жана инвестициялык тобокелчиликтерин айтып сындаган. Казакстан Нур-Султан шаарындагы бул биринчи жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT) куруш үчүн Кытайдан 1,5 миллиард доллар алган.
Азыр долбоор убактылуу токтоп турат. Бирок Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов анын кийинки жылы колдонууга бериле турганын айтып жатат.