Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Орусия: Ачиндеги жарылуудан бир кишинин дайыны чыга элек


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Сибирдеги курал сакталган кампадагы жарылуу токтоду. Красноярск крайынын губернатору 6-августта билдиргендей, Ачин районундагы курал кампасындагы жарылуудан бир киши дайынсыз болуп, алты киши ооруканада жатат.

Райондун Каменка айылындагы курал кампасында жарылуу 5-августта башталган. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, өрттөн алты киши жабыркап, анын алтоо ооруканага жаткырылган. Ал эми кампага жакын жайгашкан айылдардын эли жана жоокерлер болуп, жалпысынан 10 миңдей киши коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Ачиндин башчысы Илай Ахметов элди азырынча үйлөрүнө келбей турууга үндөп, кампада дагы жарылуу болушу мүмкүн эскертти.

Окуя болгон жерге келген коргоо министринин орун басары Дмитрий Булгаков курал кампасы жабыларына убада берди.

Орусиянын Красноярск крайындагы аскердик кампада артиллериялык курал-жарактар - 40 миңдей снаряд менен ок-дары сакталчу.

XS
SM
MD
LG