5-августта Казакстандын Алматы облусунда тоодогу өрттү өчүрүү маалында эки жергиликтүү тургун жана бир токойчу каза тапты. Окуядан дагы жети киши жабыркаган. Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, алар Панфилов районунун Талдын айыл округундагы өрттү өчүрүүгө жардам берип жүрүшкөн.
Тоодогу өрт кургак чөптөн улам башталган. Учурда аны өчүрүүгө атайын техника жана тик учак да тартылган.