Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

АКШ Кытайды расмий түрдө «валюта чайкоочусу» деп атады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай чечим Кытайдын улуттук валютасы юандын куну түшүп кеткенден кийин кабыл алынды. Вашингтон Бээжинди экспортту арзандатыш үчүн юандын курсун атайылап түшүрөт деп айыптап келет.

Соңку күндөрү Кытайдын улуттук валютасы арзандап, 2008-жылдагы эң төмөнкү чегине түштү. Учурда бир АКШ доллары 7 юанды түзүп жатат.

Юань канчалык кунун жоготсо, Кытайдын чет өлкөгө экспорттогон товарлары ошончолук арзандайт. Тактап айтканда, чет элдик валюта менен кытай товарларын арзаныраак сатып алса болот.

АКШнын көз карашынан алганда, мындай кырдаал Кытайдан Америкага ташылган товарларга киргизилген кошумча тарифтердин таасирин да азайтып коёт. Андыктан 5-августта юандын куну түшүп кеткенден кийин Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги соңку 11 жылда биринчи жолу Кытайды валютанын курсу менен ойноп, өз максатын ишке ашырган «чайкоочу» өлкө деп атады.

Кытай бул дооматтарды четке кагып жатат.

Бир катар өлкөлөрдөн айырмаланып, Кытай юандын курсун эркин коё берген эмес. Андыктан Кытайдын борбордук банкы юандын долларга карата курсун чектеп же аныктап турат.

XS
SM
MD
LG