Нарындын Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкеринин абалы канааттандырарлык деп табылып, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды. Ошол эле чырда жаракат алган бир жергиликтүү тургун дарылануусун улантууда.
Аларга баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалган деген диагноз коюлган.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Бишкектин Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна «Jhong ji Mining» ишканасынын дагы 28 кызматкери кайрылып, медициналык жардам алып кетишкен.
Учурда Солтон-Сары жайлоосунда үч «Тез жардам» кызматы нөөмөттө турат.
5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Абалды жөнгө салыш үчүн учурда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү Солтон-Сарыда жүрүшөт. Милиция окуяны териштирип жатат. (BTo)