Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Бишкекте коомдук транспортко камералар коюлууда


Бишкек.
Бишкек.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова баш калаада каттаган автобус-троллейбустар менен кичиавтобустардын 80 пайызына видео байкоо орнотулганын билдирди. Ал мындай чара жол коопсуздугун камсыз кылууга жана коомдук транспорттогу уурулукту азайтууга багытталганын айтты:

- Троллейбустарга камера орнотууга 2 миллион сомдой керек болуп жатат. Ал акчаны бюджеттен кичинеден бөлүп жатабыз. Ал эми кийинки жаңы алып келинген жаңы автобустарда камера да, видео жаздыруу да бар. Бул адегенде айдоочулардын коопсуздугуна керек.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы кабарлагандай, баш калаада 109 кичиавтобустук каттам бар. 11 автобустук жана 11 троллейбустук каттам жүрөт. Мында муниципалдык 140 автобус, 145 троллейбус жана менчик 2100 кичиавтобус иштейт.

Шаардыктарды тейлөө үчүн күнүгө 1800-1820 кичиавтобус, 130 троллейбус жана 120дан 140ка чейин автобустар чыгат. (BTO/ATo)

XS
SM
MD
LG