Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Солтон-Сары: жергиликтүүлөр талаптарынан кайта элек


Солтон-Сары жайлоосуна чогулган эл. 5-август, 2019-жыл.
Солтон-Сары жайлоосуна чогулган эл. 5-август, 2019-жыл.

Нарындын Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясына нааразы болгон 600-700гө чукул киши дагы эле ишкананын ишин токтотууну талап кылып турушат. «Азаттыктын» Нарындагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар кенге жакын жерде мал союп, казан асып алышкан.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жергиликтүүлөргө «Jhong ji Mining» компаниясынын ишин бир айга убактылуу токтотуу боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын чечимин көрсөттү. Бирок айыл тургундары ага макул болбой, «кытайлык ишкана үч күндүн ичинде Солтон-Сарыдан чыгып кетсин» деген талапты коюшууда.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарындын Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек экенин айткан.

Кийинчерээк вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, кендеги окуяны талкуулашкан.

Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан жабыркаган «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкери бүгүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан чыгарылды. Ошол эле чырда жаракат алган бир жергиликтүү тургун дарылануусун улантууда.

5-августта кытайлык компаниянын кызматкерлери менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Милиция анда 300гө жакын киши чыкканын айтса, айрым маалыматтарда алардын саны 500 экени кабарланууда. Милиция окуяны териштирип жатат. (BTo/MiK)

XS
SM
MD
LG