Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Орусияда жол кырсыгынан алты тажикстандык каза тапты


Жол кырсыгы болгон жер.
Жол кырсыгы болгон жер.

6-августта Рязань облусунун Сасов районунун Пичкиряево айылында таңкы саат 5:30да болгон жол кырсыгынан алты киши, анын ичинде 14 жаштагы кыз көз жумду. Анда «Мерседес-бенц» кичиавтобусу менен «Тойота Ленд Крузер Прадо» автоунаасы кагылышкан. Окуяда жабыркаган бир канча киши ооруканага жеткирилген. Бул жол кырсыгы боюнча Рязань облусунун милициясы кылмыш ишин козгоду.

Тажикстандын Миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Иброхим Ахмади «Мерседес-бенц» кичиавтобусунда бара жаткан жүргүнчүлөрдүн баары Тажикстандын жарандары болгонун ырастады. Анын айтымында, өлгөндөрдүн төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан.

Тажикстандын расмий органдары каза тапкандардын жана жаракат алгандардын тизмесин жарыяланды. Орусияда жашап жана иштеп жаткан тажикстандыктар кабылган жол кырсыктары буга чейин да катталган.

XS
SM
MD
LG