Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Нобел сыйлыгынын ээси Тони Моррисон 88 жашында көз жумду


Тони Моррисон.
Тони Моррисон.

Тони Моррисон - адабият боюнча Нобел сыйлыгын алган биринчи афроамерикалык болгон. Жазуучу оорудан улам 5-августта Нью-Йорктогу медициналык борбордо көз жумганын үй-бүлөсү кабарлады.

«Анын бул дүйнө менен кош айтышы биз үчүн оор жоготуу, ошол эле кезде биз ал узак жана маңыздуу өмүр сүргөнү үчүн ыраазыбыз», - деп айтылат үй-бүлөсүнүн атынан таратылган билдирүүдө.

Тони Моррисон өз чыгармаларында АКШдагы афроамерикалыктардын жашоосу, алар көргөн кыйынчылыктар жана кулчулук тууралуу жазган. Чыгармаларын 38 жашында жаза баштаган Моррисон адабият боюнча Нобел сыйлыгын 1993-жылы алган. Андан тышкары, ал 1988-жылы “Сүйүшкөндөр” романы үчүн абройлуу Пулитцер сыйлыгына да татыган.

2008-жылы ошол кездеги өлкө лидери Барак Обама Моррисонду Президенттик медаль менен сыйлаган.

XS
SM
MD
LG