Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Лукашенко Беларуста качып жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукту


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

6-августта Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолушканын Беларус президентинин сайты кабарлады.

Расмий маалыматта Беларус президенти Александр Лукашенко өзүнүн досу, кесиптеши, Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев менен жолугушту” деп жазылган.

Анда Лукашенко Бакиевди 70 жашка чыгышы менен куттуктап, белек берген. Куттуктоодон кийин Лукашенко менен Бакиев актуалдуу суроолорду талкуулашканы кабарланды. Бирок эмне маселени сүйлөшкөнү айтылган жок.

Кыргыз бийлиги Александр Лукашенконун Кыргызстанда оор беренелер менен соттолгон Курманбек Бакиевди кабыл алуусу боюнча комментарий бере элек.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. Сот тарабынан анын экс-президент макамы да алынган.

90 жакын адамдын өмүрүн алган апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып тагылган. Курманбек Бакиевди 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сыртынан өкүм чыккан.

XS
SM
MD
LG