Өлкө аймагындагы тогуз китепканада балдарды эрте куракта өнүктүрүү үчүн борборлор пилоттук режимде ачылды. Алар учурда окуу материалдары менен камсыз болуп, балдарды окутуу үчүн китепкананын жумушчулары атайын даярдыктан өтүшкөн. Бул борборлор 400 баланы камтыйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымдаганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өмүрбекова кыргыз өкмөтү 2023-жылга чейин балдардын 80% мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу милдети коюлганын белгиледи.
Ушу тапта мындай борборлорду дагы кырктай аймактык китепканада ачуу пландаштырылып жатат.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматында, республика боюнча 1050 китепкана бар. (TSh)