5-августтан баштап «Баламды мектепке кабыл алгыла!» аттуу акция башталды. «Баланын укугун коргоочулардын лигасы» фонду өткөрүп жаткан бул акциянын максаты - ата-энелерге балдарын мектепке берүүдө укуктук жардам көрсөтүү. Бул тууралуу аталган фонддун өкүлдөрү кабарлашты.
Эгерде жарандар балдарын мектепке кабыл алуу учурунда документ, даярдоо курстарын өткөндүгү тууралуу тастыктама, мектеп формасы, баланын билимин сыноо жана төлөмдөр сыяктуу маселе чыгып калса коомдук фонддун 0709 845 775 жана 0556 409 082 номуруна байланышса болот.
Бул акция Билим берүү жана илим министрлиги менен кошо жылда уюштурулат. (TSh)