Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Саляновага байланыштуу прокуратурага жана ЖАМКка өтүнүч берилди


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянованын саламаттыгына байланыштуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) жана Атайын прокуратурага өтүнүч кат жөнөтүлдү. Бул тууралуу адвокат Рабига Сыдыковага шилтеме кылып Салянованын туугандары билдиришти. Анда экс-баш прокурордун ооруканага чыгып дарылануусуна уруксат суралган.

«ЖАМК «Салянова операция болсо чыгарабыз, дарыланууга чыгарылбайт» деп шарт койду. Операциянын алдында да дарыланышы керек. Өзү да кыйналып жатат. Мындай шартта кандай операция жасалат?» - деди Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева.

Кечээ, 6-августта Аида Салянова 47 жашка толду. Туулган күнүнө байланыштуу №1 тергөө абагына барган туугандары менен көрүшүүгө уруксат берилген жок.

Буга чейин дем жетпеген шартта кармалып жаткан Аида Салянованын жүрөк илдети өрчүп, ага панкардит деген жаңы диагноз коюлганы айтылган. Бул илдет жүрөктүн бардык катмарларынын сезгениши менен мүнөздөлөт.

Мындан сырткары Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп ЖАМКка кат жазган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында отурат.

Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтышкан.

ЖАМК Салянованын саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана анын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип келет.

Сот Салянованы 26-августка чейин камоо тууралуу чечим чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG