Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:29

Орусияда өрттөнүп жаткан токойдун аянты 163 миң гектарды түздү


Тилсиз жоону өчүрүүгө 3800 киши, ошондой эле 492 техника тартылган.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 3800 киши, ошондой эле 492 техника тартылган.

ТАСС агенттигинин Абадан коргонуу кызматына шилтеме кылып кабарлашынча, өрт өчүрүүчүлөр 163 100 гектар аймакты каптаган өрттү өчүрүп жатышат.

Өрт негизинен Сибирдеги Иркутск, Красноярск аймактарын каптаган, ошондой эле Якутия, Бурятия, Амур, Томск, Чукотканын да бир катар жерлерин жалын чулгады.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 3800 киши, ошондой эле 492 техника тартылган.

Өрткө байланыштуу Иркутск, Якутия жана Красноярск аймактарына өзгөчө абал жарыяланды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сибирдин токойлорундагы өрттүн башкы себеби катары өрт коопсуздугун сактабаган адамдардын шалаакылыгын белгиледи. Ага чейин Айыл чарба министрлиги өрттү кургакчылык, чагылган менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG