Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Зульфия Зилалиева: Бир да өлкөдө эч качан мыйзам бузган эмеспиз


Зульфия Зилалиева.
Зульфия Зилалиева.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин аялы Зульфия Зилалиева үй-бүлөсү бир да өлкөдө эч качан мыйзам бузбаганын билдирди.

«Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматты күйөөсүн жаманатты кылуу аракети катары баалады.

- Алар жолдошума каршы козголгон иш боюнча бир да далил таба албай, азыр ар кандай жомокторду ойлоп таап жатышат, - деди Зилалиева.

Ошону менен катар Зилалиева Латвиядагы банк эсептери боюнча буларды айтты:

- Ооба, чындыгында Латвияда биздин балдардын банк эсеби бар. Аны мен 2016-жылы сентябрда Ригага барып ачып келгем. Банкка жалпысынан 42 миң доллар салынып, үч балабызга 14 миң доллардан бөлүнгөн. Ал эсеп болгону акча чогултууга багытталган, эч кандай акча которуу операцияларын жүргүзүүгө болбойт. Ал эми «ал эсептерден ири өлчөмдөгү каражат которулган» деген карандай калп. Ошондуктан мен УКМКдан документтерди коомчулукка жарыялоону талап кылам. Анткени алар болгон документти биздин үйдү тинтүү учурунда алып кетишкен. Же болбосо тараткан маалыматты жокко чыгарышын талап кылам.

Зилалиева Латвиядагы банк эсебине салынган каражат алардын үйүн сатуудан түшкөн акча экенин айтты. Ал ушул жылдын январь айында Латвиядан балдарынын эсеби тоңдурулганы тууралуу кабар келгенин жана банк эсебиндеги каражат мыйзамдуу экенин тастыкташ үчүн үйлөрүн сатканы боюнча документтерди бергенин кошумчалады.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо.

Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет.

Бүгүн, 7-августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Латвиянын укук коргоо органдары Зилалиевдин аялына жана балдарына карата «акчанын изин жашыруу» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун маалымдады. (BTo)

УКМК Зилалиевдин үйүн тинтти
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

XS
SM
MD
LG