Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Кытай Гонконгдо акцияга чыккандарды «от менен ойнобоого» чакырды


Гонконгдо нааразылыкка чыккандар.
Гонконгдо нааразылыкка чыккандар.

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан 6-августта Бээжиндеги басма сөз жыйынында «демонстранттар борбордук бийликтин (Бээжиндин) дараметин баалабай жатат» деп айтты. Ал «от менен ойногондор ошол отко өздөрү түшүп өлөт» деди.

Гонконгдо июнь айынан бери кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар өтүп жатат жана нааразылык акциялары кагылышуу менен коштолууда. Бийлик документти кароону токтотуп койгону менен оппозиция долбоор парламенттен биротоло кайтарылып алынышын талап кылып келет.

Ошондой эле алар Гонконгдун администрация башчысы Керри Лэмдин кызматтан кетишин, демонстранттарга козголгон кылмыш иштеринин токтотулушун, элге күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылууда. Ян Гуан демонстранттардын талабы боюнча сүйлөшүүлөр башталбай турганын айтып, ал эми Гонконг аймагынын башчысы Керри Лэмдин кызматтан кетиши маселени чечпей турганын кошумчалады.

Бээжин Гонконгдогу нааразылык акцияларынын катышуучуларын «Кытайды жактырбаган Батыш менен АКШ колдоп жатат» деп айыптады.

XS
SM
MD
LG