Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө куралчан күч кызматкерлери жүрөт


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары жүргөнүн журналист Мирбек Айтикеевдин «Фейсбуктагы» түз эфиринен көрүүгө болот. Ал көрсөткөн түз эфирде куралдын атылган үнү дагы угулду. Айрым маалыматтарда бир канча кишиге желим ок тийген. Атамбаев азырынча үйүндө экени кабарланууда.

Окуя болгон жерде депутат Ирина Карамушкина да жүргөнүн көрүүгө болот.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да жазды.

Атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары Алмазбек Атамбаев өз үйүндө адаттагыдай эле эл менен жолугушууга чыкканда келишкен.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG