Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Кой-Ташта бир канча адам жабыркады


«Фейсбуктагы» түз эфирден алынган сүрөт.
«Фейсбуктагы» түз эфирден алынган сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында атайын бөлүктүн аскерлери киргенде бир канча адам жарадар болгону кабарланды. Кырдаалды Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Мирбек Айтикеев «Фейсбукта» түз эфирде көрсөттү.

Партиянын юристи, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурбек Касымбеков аскерлердин тепкисинде калганын айтты. Ал бети-башы шишиген абалда түз эфирде сүйлөдү. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да жараат алды. Дагы бир адам колунан, бири бутунан жараат алган. Атамбаевдин тарапкерлери аларга ок тийгенин билдирип жатышат.

24.kg агенттиги кабарчысы да желим октон жараат алганын жазды.

Атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 7-августта кечки саат сегизге жакын маалымдады.

Парламент депутаты, ошол жерде жүргөн Ирина Карамушкина муну бийлик уюштурганын айтты.

Аскерлердин аракетинин чоо-жайы так айтылган жок. Расмий органдардан маалымат алууга азырынча мүмкүн болбой жатат. Интернеттеги түз эфирлерде ок атуунун үнү угулууда.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштап, Атамбаевди күбө катары чакырган.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

Атамбаевдин тарапкерлери парламенттин чечиминен соң аны колдоп Кой-Таштагы үйүнө штаб ачып, ошол жерде отурушат. (SE)

XS
SM
MD
LG