Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында жараат алгандарга "Тез жардам" келгиче атайын бөлүктөгү аскер кийимчен адамдар өздөрү жардам бере баштады. Кырдаалды Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Мирбек Айтикеев «Фейсбукта» түз эфирде көрсөтүп жатат. Атамбаевдин тарапкерлери онго жакын адам жарадар болгонун билдиришкен.
Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери бастырып киргенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 7-августта кечки саат сегизге жакын кабарлаган. Мирбек Айтикеев «Фейсбукта» түз эфирде ок атылып жатканын көрсөтүшкөн.
Саат 20:30да "Тез жардам" барганы кабарланды.
24.kg агенттиги кабарчысы да желим октон жараат алганын жазды.
Парламент депутаты, ошол жерде жүргөн Ирина Карамушкина муну бийлик уюштурганын айтты.
Аскерлердин аракетинин чоо-жайы так маалым эмес. Расмий органдардан комментарий алууга азырынча мүмкүн болбой жатат.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан.
Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштап, Атамбаевди күбө катары чакырган.
Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.
Атамбаевдин тарапкерлери парламенттин чечиминен соң аны колдоп Кой-Таштагы үйүнө штаб ачып, ошол жерде отурушат. (SE\TSh)