Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Чыныбай Турсунбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы кырдаалды «өкүнүчтүү» деп, Кыргызстандын аброюна доо кетирген окуя катары сыпаттады. Мындай пикирин «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатканда айтты.
- Маселе тил табышуу жолу менен чечилсе болмок. Өз ара түшүнүү аракети жок, баары дымакка байланган окуя болуп жатат, - деди Турсунбеков.
Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери 7-августта кечки саат сегизге жакын бастырып барды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президентти кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим ок колдонулганын маалымдады.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү аскерлер ок атканын кабарлап, «Фейсбукта» түз эфирде көрсөтүштү. Партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов төрт адам жабыркаганын, Атамбаевдин үйүнүн короосунда 200дөй адам бар экенин билдирди.

Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE\EBM)