Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Кой-Таштагы кырдаалдын артынан бир канча телеканал көрсөтпөй калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын артынан Бишкекте «Акнет» пакетинен бир канча телеканал көрсөтпөй калды. Алгач Атамбаевге таандык «Апрель» каналы, артынан «7-канал», «ОшТВ» өчтү.

«7-каналдын» башчысы Алтынбек Жумаев муну «Азаттыкка» тастыктады. «Акнет» компаниясы жагдайды «техникалык себеп» деп түшүндүрдү. Социалдык тармак колдонуучулары «Next TV» да көрсөтпөй жатканын, Таласта НТС үзүлгөнүн жазып жатышат.

Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Атамбаевдин үйүнө атайын бөлүктүн аскерлери 7-августта кечки саат сегизге жакын бастырып барды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президентти кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов бир канча адам жабыркаганын, Атамбаевдин үйүнүн короосунда 200дөй адам бар экенин билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги жараат алган бир канча киши ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Экөө желим октон жабыркаганы айтылган.

Кечки саат ондордо да Кой-Ташта октун үнү жаңырууда.

Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG