Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Алия Шагиева: Атам кармалган жок


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кой-Таштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. “Биринчиден, менин атам эч кайда качкан жок. Эч ким аны кармаган жок. Ал коопсуз жерде деген имиш – карандай жалган. Ал дагы деле Кой-Ташта”, - деп жазды Шагиева "Инстаграмдагы" барагына.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.

«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да жазган.

Атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары Алмазбек Атамбаев өз үйүндө адаттагыдай эле эл менен жолугушууга чыкканда келишкен.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG