Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

УКМК: Атамбаевди кармоо операциясы уланууда


Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн короосунун бир четинде өрт чыгып, бир аздан кийин өчүрүлгөнү кабарланды.
Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн короосунун бир четинде өрт чыгып, бир аздан кийин өчүрүлгөнү кабарланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы уланып жатканын билдирди.

«Атайын бөлүктүн жоокерлери Атамбаевдин тарапташтарына багынганы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Учурда атайын операция уланып жатат», - деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы бир нече мүнөт мурда тараткан билдирүүдө.

7-августта кечке жуук мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы күч кызматкерлери кирип келишкен. Желим октон жаракат алганы кеминде он адам ооруканага жеткирилгени белгилүү болду.

Атамбаевдин Фарид Ниязов баштаган тарапкерлери мурдагы президент дале Кой-Ташта экенин билдирип жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.

«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да жазган.

Атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары Алмазбек Атамбаев өз үйүндө адаттагыдай эле эл менен жолугушууга чыкканда келишкен.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

XS
SM
MD
LG