Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Шыкмаматов: парламент, президент, өкмөт чукул жыйынга чогулуш керек


Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда абал курчуп баратканын белгилеп, президент, парламент, өкмөт тез арада жыйынга чогулуп, окуянын мындан ары күчөп кетпешин талкуулашы керек деген пикирин билдирди.

- Мүнөт сайын абал курчуп баратат. Парламент эртең чукул жыйынга чогулушу керек. Солтон-Сарыдагы абалды, Кой-Таштагы жарадар болгон жарандардын абалын талкуулаш керек. Төрагага кайрылып, эртең чогулуш керек. Керек болсо, президент, өкмөт чогулушу керек, - деди ал.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.

Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады. Саламаттык сактоо министрлиги бир канча адам ооруканага түшкөнүн билдирди.

Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG