Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Кой-Ташта атайын бөлүктүн бир аскери жараланды


Кой-Таштагы окуя учурунда атайын бөлүктүн бир аскери жарадар болду. Саламаттык сактоо министрлиги Чукул медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовго таянып билдиргендей, үй тараптан атылган согуштук ок чопкуттан өтүп аскердин көкүрөгүн жаралаган. Анын алдында он адам Чүй облустук ооруканасына түшкөнү расмий маалымдалган.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын билдирген.

Окуядан эки сааттан кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG