Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кой-Таштагы кырдаал боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, тирешкен тараптарды жөнөкөй жарандардын коопсуздугун сактоого жана аларга карата күч колдонбоого чакырды.
- Бийлик да, Алмазбек Атамбаев да биринчи кезекте саясий тирешүүдөн жөнөкөй жарандар, өз милдетин аткарып жаткан атайын кызматтын, милициянын кызматкерлери жабыркап калышына жол бербеши керек. Атамбаевди кармоо операциясындагы шалаакылыгы үчүн, тараптарды кагылышууга жол берип, күч түзүмдөрүн дискредитация кылганы үчүн күч органдарынын бардык жетекчилери бүгүнтөн калбай кызматын тапшырышы зарыл. Ошол эле убакта Атамбаев да мыйзамга баш ийип, керт башы үчүн жаштарга, аялдарга жашынып, элди милицияга каршы тукургандын ордуна тергөөгө өзү барышы керек эле. Азыр да кеч эмес, ал өзү суракка даяр экенин жарыялап, тарапташтарынын коопсуздугун ойлошу керек, - деди депутат.
Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.
Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады. Саламаттык сактоо министрлиги бир канча адам ооруканага түшкөнүн билдирди.
Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE)