Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын чагылдырып жүргөн журналисттер саат 23:30дарда байланышка чыгышты. Алар коопсуз жерде турушканын билдиришти.
«Азаттыктын» жана «Kloop» басылмасынын кабарчыларынын телефондору өчүп, бир сааттай байланыш болбой калган.
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, ок атылды. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт чыгып, өчүрүлдү. Электр жарыгы өчүп калды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын билдирген.
Cаламаттык сактоо министрлиги жарадар болгон 15 адам Чүй облустук ооруканасына түшкөнүн маалымдады.
Окуядан эки сааттан кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Алмазбек Атамбаевдин үйү жайгашкан Чүйдөгү Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.
УКМК атайын операция уланып жатканын билдирди.
Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. (SE)