Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда жабыркагандардын саны 23кө жетти. Ушул тапта Кой-Ташта 10 «Тез жардам» бригадасы иштеп жатат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.
«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары Алмазбек Атамбаев өз үйүндө адаттагыдай эле эл менен жолугушууга чыкканда келишкен.
ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.
Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады.
Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.