Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

8-августта Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны өтөт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-августта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке келгенин анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

- Азыр ал Бишкекте, 8-августта эртең менен Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Кошумча маалыматты дагы беребиз, - деди Стамалиева.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, ок атылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ар кандай жараат менен 25 киши ооруканага жаткырылды. Министрлик Атамбаевди кармоо операциясында жарадар болгон атайын бөлүктүн аскери курман болгонун ырастады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.

Бир аз мурдараак ИИМ коомдук тартипти камсыз кылыш үчүн кошумча күч тартылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG