Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда жарадар болуп, ооруканага түшкөндөрдүн саны түнкү саат 00:55ке карата 36 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар.
Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери каза болгонун билдирген.
Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок мурдагы президент дагы эле Кой-Таштагы үйүндө экени кабарланып жатат.