«Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө алты күч кызматкери кармалып турат. Атамбаевдин тарапташтары «Интернет жана жарык бергиле» деп талап кылууда. Алар кармалып турган күч кызматкерлерин эртең менен гана кое бере турганын айтышкан.
Саясатчы Равшан Жээнбеков, Атамбаевдин тарапташтары Темирлан Султанбеков жана Алга Кылычов Курсан Асанов менен жолукту. Курсан Асанов Интернет жана жарык берүү анын колунан келбесин айтып, «алты күч кызматкерин коё бергиле» деп суранды.
Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок мурдагы президент дагы эле Кой-Таштагы үйүндө экени кабарланып жатат.
Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кагылышты. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны түнкү саат 00:55ке карата 36 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар.
Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги атайын операция маалында атайын даярдыктагы бөлүктүн бир кызматкери курман болгонун билдирген.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.