Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Апрель-ТВ» телеканалы аркылуу кайрылуу таратты. Ал өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, «аскердик ок да колдонулду» деп айтты.
«Биз, мен да, Кой-Таштагы башка адамдар да террорист эмеспиз», - деп билдирди Атамбаев.
Ал бийликке буга чейин жазуу түрүндө көрсөтмө берүүнү бир нече жолу сунуштаганын белгиледи.
Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте чыгып кетиши боюнча эч кандай күнөөсү жок экенин да маалымдады. «Дагы бир жолу бийликке айтам. Токтогула, аягы жаман бүтөт», - деди Атамбаев.
Мурдагы президентти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Атамбаевди кармоо операциясында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим гана ок колдонушканын, тескерисинче, мурдагы президенттин үйү тараптан атылган аскердик октон күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапканын билдирген.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес. 27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.