Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.
Буга чейин Самат Курманкулов башынан жаракат алып ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен ыргытышканда башына таш тийип, жаракат алганы кабарланган.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова: «Операция жасалды. Операциядан кийинки абалын дарыгерлер өтө оор абалда деп баалап жатышат. Реанимацияда», - деди.
7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. Андан жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү курман болду.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын 15и күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында ок атуудан улам жаракат алгандары жана мээси чайкалгандары бар. Жаракат алгандардын арасында Атамбаевдин тарапташтары, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нурбек Касымбеков, Мээрбек Мискенбаев да бар экени кабарланды.
Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция 7-августта кечке жуук башталган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал келген эмес.
27-июнда парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан.