Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

«Ата Мекен»: Атамбаев артка кайтпайт, күч колдонууну токтотуу керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев артка кайтпайт, күч колдонуп тирешүүнү токтотуу керек» деген билдирүү таратты 8-августта «Ата Мекен» саясий партиясы.

Партия мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго жиберген билдирүүсүндө Атамбаевди кармоо аракети туңгуюкка кептелгенин, адам өмүрү кыйылганын, күч органдары тапшырманы аткара албай койгонун белгиледи.

«Тез арада күч колдонууну токтотуп, маселени чечүүнүн башка жолдорун издөөнү талап кылабыз. Антпесе азыркы абал жарандык согушка өтүп кетиши ыктымал» деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта кечинде башталган. Анын тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) операция учурунда атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим гана ок колдонушканын, мурдагы президенттин үйү тараптан атылган аскердик октон күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү курман болгонун билдирди.

Жаракат алгандардын арасында Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов, Атамбаевдин тарапташтары, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Нурбек Касымбеков жана Мээрбек Мискенбаев да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG