Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов кайрадан операцияга жаткырылды. Мындай чечимди 8-августта эртең менен дарыгерлер Курманкуловдун абалын кайрадан текшерип чыгып, томограмманын жыйынтыгынан кийин кабыл алышты.
Буга чейин Самат Курманкулов башынан жаракат алып, ооруканада операция жасалган. Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Ал Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары бири-бирин таш менен урганда башына таш тийип, жаракат алганы кабарланган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эртең мененки саат 10:30га карата Кой-Таштагы окуяда жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 52ге жетти. Алардын 11и күч түзүмдөрүнүн медициналык мекемелерине жөнөтүлдү. 20сы ооруканада дарыланууда, дагы 20 киши дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө жөнөтүлдү. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты. (КЕ)