Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

УКМК: Чагымчылдар аныкталса расмий эскертүү берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу мыйзам бузууга чакырыктар ташталууда. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда чагымчыл аракеттердин алдын алуу иштери жүрүп жатат.

«Кырдаалды курчутууга кызыкчылыгы бар айрым адамдардын чагымы уланууда. Эгер алар аныкталса расмий эскертүү берилет» деди УКМК.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошонуп кетишине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында ИИМге суракка үч жолу чакырылган. Ага чейин парламент аны кол тийбестиктен ажыраткан токтом кабыл алган. Атамбаев өзү Жогорку Кеңештин бул чечимин тааныбай турганын, тергөөнүн суроолоруна жазуу түрүндө жооп бере аларын айтып келет.

7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү операциясы ишке ашпай калды, бир жоокер каза болуп, күч органдарынан жана жай тургундардан элүүдөй адам жараат алды.

Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ар кандай пикирлер, чакырыктар жазылып жана айтылып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG