Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:24

Чет элдик өнөктөштөр Кыргызстандагы кырдаалга тынчсызданууда


Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалга байланыштуу Мамлекеттик туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу туристтик бизнестин өкүлдөрү менен байланышканын өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал чет элдик өнөктөштөр тынчсыздануусун билдирип жатышат. «Бардыгы тынчтык жолу менен чечилет деп ишенем. Бизге туруктуулук керек!» деп жазган Дамир уулу.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты.

Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча алты беренинин негизинде («Массалык баш аламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG