Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

Атамбаев: Курал менде гана бар, үчүнчү кабаттан өзүм туруштук берип жаттым


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө чогулгандар арасынан анын өзүндө гана курал бар экенин айтууда. Бүгүн тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып ал: «Бул жерде курал менде гана, өзүм туруштук берип жаттым» деди:

- Кечээ булар «суракка алып кеткени келдик» дешкен жок, бандиттей болуп келип, элди ата баштады. Мен «бирөө менин үйүмө келсе каршылык көрсөтөм, керек болсо атам» деп бир-эки айдан бери айтып келе жатам. Менин сыйлыкка берилген куралым, тапанча, винтовкам бар. Бул жерде курал менде гана. Мен үчүнчү кабатта отуруп, өзүм туруштук берип жаттым. Аны да силерге бирөө түртпөсүн. Карапайым элде колунда балким таш болду, бирок бирөөндө да ачакей (рогатка) да болгон жок.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин алкагында 7-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн алып кетүү аракети болду. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) бул операциясы ишке ашкан жок, ортодо тутанган кагылышуудан жай тургундардан жана күч кызматкерлеринен жалпы 52 адам жараат алды, алардын бири - атайын кызматтын өкүлү каза тапты.

УКМК 7-августта Атамбаевди кармоо учурунда каза болгон атайын бөлүктүн кызматкерине снайпер куралынан ок тийген болушу мүмкүн деген кабар тараткан. Ошондой эле ок үй тараптан чыкканы, атайын кызматтын кызматкерлери желим ок гана колдонгону, ал эми үй тараптан аскер огу атылганы айтылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG