Жыл башынан бери 88 322 балага сүйүнчү пул берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сүйүнчү пул берилген балдар өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 эсе көп. Былтыр ушул убакытта 38 916 балага жалпы суммасы 158 685 000 өлчөмүндөгү сүйүнчү акча берилген болсо, быйыл мамлекеттик бюджеттен 353 288 000 сом акча сарпталган. Сүйүнчү акча бир бала үчүн 4000 сом. Акчаны үй-бүлөлүк шартына карабай, бардык жарандар алышат.
Сүйүнчү акча 2018-жылдын 1-январынан тартып бериле баштаган. (ATo)