«Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму АКШга жол тарткан жарандарды бул өлкөдө «курал колдонулган зомбулук көбөйүп жаткандыктан» сак болууга чакырды.
Уюм тараткан билдирүүдө кайсы бир адамдар АКШда расасына, улутуна жана жыныстык багытына байланыштуу курал колдонулган зомбулуктун курмандыгы болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин эскертти. Ошондой эле туристтерге «адамдар көп чогулган жерлерден оолак, түнкү клуб, казино жана бар өңдүү эс алуучу жайларда өтө кыраакы болууну» сунуш кылды.
Уюм АКШ өкмөтүн «курал колдонулган зомбулуктан жарандарды коргоону каалабайт, курал алып жүрүүнү жөнгө салуу боюнча эл аралык милдеттенмелерине карабастан жетиштүү чара көрбөйт» деп сындады.
Өткөн дем алыш күндөрү Техас жана Огайо штаттарындагы эки башка жарандын куралдуу кол салуусунан 32 адам өлдү.
Бул окуядан кийин айрым мамлекеттер да АКШга жол тартканы жаткан жарандарын өтө сак болууга чакырды.