Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунда бүгүн бильярд боюнча «Эркин пирамида» аттуу дүйнөлүк чемпионат башталды. Ага 20 өлкөдөн 100дөн ашык спортчу келгенин Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкүлү Данияр Турусбеков билдирди.
Чемпионаттын ачылыш аземине ЕАЭБдин курамындагы мамлекеттердин вице-премьер-министрлери, эл аралык федерациянын президенти катышууда. Мелдеш 10-августка чейин уланат. (KS)