Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

9-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын 9-10-августтарында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

9-августта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 29…34;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28;

Нарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 23…25° болот.

XS
SM
MD
LG