Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) өкмөт аралык кеңешинин жыйыны пландалган программа менен өтөт. Кыргызстандагы саясий кырдаалга карабай анын программасы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин жыйыны 9-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышары күтүлүүдө.
ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге 2014-жылы 29-майда мурдагы Астана, азыркы Нур-Султан шаарында кол коюлган. Кыргызстан 2015-жылы Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения кирген Евразиялык Экономикалык Биримдигине кошулган.
Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин саясий кырдаал курчуган. 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай, күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлеринин кагылышында Чүй милициясынын башчысы оор жараат алды. Атайын кызматтын бир аскери курман болду. 50дөн ашуун киши ар кандай жарааты менен ооруканага кайрылды. (КЕ)