Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:15

Опумбаев: Кой-Ташта Атамбаевдин тарапташтары куралдуу каршылык көрсөттү


Орозбек Опумбаев.
Орозбек Опумбаев.

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы Жазык кодексинин негизинде жүргүзүлдү». Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кой-Таштагы окуя боюнча маалымат берип жатып билдирди:

- Атайын кызматтын кызматкерлери аскердик эмес курал менен операция жүргүзүштү. Атамбаевдин тарапташтары куралдуу каршылык көрсөтүштү. Бул мыйзамсыз. Атамбаев тараптан снайпер аркылуу ок атуу болду. Бул куралдан биздин алты кызматкер жабыркады. Барымтадагы кызматкерлерди шылдыңдашты. Атамбаевдин өкүлдөрү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков менен сүйлөшүп, балдарды бошотууга убада берилген.

Опумбаев атууга уруксат бербегени үчүн өкүнүп жатканын айтты. Маалыматка караганда атайын операция учурунда 40 курал, 15 тапанча, эки миңдей ок-дары тартылып алынган.

Учурда ооруканаларда 27 кызматкер дарыланып жатат. Алардын бешөөнө ок тийген. Бир кызматкердин абалы оор. Алты кызматкер дагы эле Кой-Ташта, Атамбаевдин тарапташтарынын барымтасында турат.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышты. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG