Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:11

Талант Мамытов: Мыйзамды тоготпогон Атамбаев жооп берсин

Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов «мыйзамды тоготпогон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жооп бериши керек» экенин парламенттин кезексиз жыйынында билдирди:

- Эмне үчүн Атамбаевди айтпайсыңар? Ал «мыйзамды уруп ойнобойм, тоготпойм» деп жатат. Күч кызматтарынын жетекчилерин «иштен кетсин» деп айткандан кийин «Атамбаев да жооп берсин» деп айткыла. Биз да кезинде кармаганда, сотко барып өз актыгыбызды далилдейбиз дегенбиз. Ал эми Атамбаев эмне үчүн жооп бербейт? Мыйзамдуу келип, жооп бериши керек.

Мамытов Атамбаевди кармоо операциясы үчүн күч түзүмдөрүн күнөөлөө туура эмес экенин, алар эл, кызматкерлер жабыркабасын деп ок атпаганын кошумчалады.

Өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулду. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков маалымат берүүдө. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG