Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШнын санкцияларына байланыштуу өзүнүн өкмөтүнө оппозиция менен сүйлөшүү өткөрүүгө тыюу салды. Баштапкы макулдашууга ылайык, жолугушуу 8-9-август күндөрү Барбадосто өтмөк.
АКШнын президенти Дональд Трамп 5-августта Венесуэла өкмөтүнүн активдеринин баарын токтотуп койгон жана бул өлкөнүн бийлиги менен кандайдыр бир иш жүргүзүүгө тыюу салган.
Бийлик менен оппозициянын алгачкы сүйлөшүүсү май айында Норвегиянын жардамы менен Осло шаарында өткөн.
Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуано Гуайдонун тарапкерлери менен президент Николос Мадурону колдогондор тирешип жатат. АКШ, Европадагы, Түштүк Америкадагы көптөгөн мамлекеттер Гуайдону Венесуэланын президенти деп тааныган. Мадурону болсо Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоп жатат.
Мындай саясий тиреш кошул-ташыл болуп, өлкө бир нече жылдан бери экономикалык кааатчылыктан чыга албай келет. Инфляциянын, жумушсуздуктун, зарыл дары-дармектердин жана азык-түлүктүн тартыштыгынан улам миңдеген адам жер которууга аргасыз болду.
БУУнун маалыматы боюнча, соңку 1,5 жылдын ичинде куралдуу топтор менен атайын кызматтын кагылышуусунда жети миңге жакын жаран ажал тапты.